Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКиши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив
Киши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
10-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Талас өрөөнүндө +2…+7, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын чөлкөмүндө +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +12…+14 градус болору болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0