Манаптын баласы оозун жырып кое жаздаган. Муса Баетов тууралуу 13 факт

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Архив
СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Муса Баетов тоо арасындагы айылда төрөлүп, чакан айылда комуз чертип, ыр ырдап жүрүп кыргыз жергесине европалык искусство жайылып кирип келгенде тенор үндүү опералык ырчы жана композитор деңгээлине көтөрүлүп жеткен.
Баетовдун "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына айланган.
Биз бүгүн ыр дүйнөбүздүн ири өкүлү Муса Баетов тууралуу 13 факт сунуштайбыз.
Тоо койнунда туулган. Туулган мезгили 1902-жылдын 10-ноябры деп жазылып калган. Туулган жери катары Россия империясынын Түркстан крайындагы Жети-Суу облусунун Пишпек уездине караган Байгөнчөк айылы. Азыркы аймактык бөлүнүш боюнча Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караган Байгөнчөк айылы. Кийин ысымы райондун борборуна берилип, мурда Дөрбөлжүн деп аталып келсе, азыркы аталышы — Муса Баетов.
Теги. Муса Баетовдун жети бир тууганы болгон. Атасы өнөрлүү киши болуптур, балдарынын баарына анын канынан да, үйрөтүүсүнөн да өнөрлөрү жуккан экен. Мусанын эжеси Үрпүкан, агасы Чодолой кара күүлөрдү да, айтым күүлөрдү да, обондорду да комуз менен келиштире черткен. Ошол өнөр Мусага да өтүп, өтө жашынан комузду колго алып, элдик ырларды созолонто ырдап чоңойгон. Беш жашында атасыз, сегиз жашында энесиз калып, жетимдиктин айынан оор жумуштарды аткарууга туура келет.
Биринчи устаттары. Бир туугандары биринчи устаттары болгону менен ошол кездеги жалпы Ак-Талаа элине аты таанылган Байымбет молдо Абдырахмановдон (Тоголок Молдо) секетпайларды ырдоону, ырга текст жазууну жана Ыман Бердик аттуу комузчудан комуз чертүүнү, комузду коштоп обондотуп ырдоону үйрөнөт. Кыз оюндарда, аш-тойлордо күйгөн ырларынан ырдай коюп, тегерек-четтеги айылдарга таанылат.
Муса Баетовдун "Сагынам" аттуу чыгармасы
Үрккөн элдин арасында болгон. 1916-жылы жалпы элге маалым Үркүн каргашасында 14 жаштагы жигит Кытай жергесине баш калкалап качат, качканда да Машырбай, Жумабай деген кишилердин малын айдашып кетет. Ал жакта, Кашкардын Тоюн деген жеринде отун алып, мал карап, эптеп жанын багып, Октябрь революциясы жеңгенден кийин 1917-жылы кайра киндик каны тамган жерине аман-эсен кайтып келет.
Жанына күйгөн жар табышы, манаптан куугунтук жеши. Ошол кездин эң эле билимдүү адамы 1920-жылы Ташкенттен мугалимдерди даярдоочу алты айлык курсту бүтүрүп келип, мугалим болуп иштеп жаткан Абдыкалык Чоробаев (1896-1979) менен жакшы мамиледе болгон. Ал кишинин тандоосу менен өз айылдашы Иманбү Дервиш кызына баш кошот. Зайыбы да анын чыгармачылыгына ар дайым жакшы шарттарды түзүп берип турган. 1922-жылы Ак-Талаада бир аш болуп, алыс-жууктан көп эл келип, ырчылардын арасында Муса да обон созуп атканда жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле Чоко манаптын Казы деген көпкөн уулу анын оозуна ортоңку манжасын салып ийип, экинчи ырдагыс кылуу үчүн жырып иймек болгондо эл араң арачалап калат. Анан чочулап калган Муса Нарынга бир азга баш калкалап кетүүгө аргасыз болот.
Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2016
Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын
Калык Акы уулуна кезигүүсү. Муса Баетов менен Калык Акыев ошол учурлары Абдыкалык Чоробаевдин жардамы жана демилгеси менен 1924-жылы жолуккан. Калык ырчы жалпы нарындык, кетмен-төбөлүк жана таластык өнөрпоздордун ортосунда жүрүп, алардын ырдоо, күү чертүү, дастанчылык, айтышуу салттарын мыкты өздөштүргөн киши болгондуктан, ал маданиятын Муса Баетовго да үйрөтүп турган, экөө чогуу жүргөн кездери да болгон. Баарынан да Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы менен кеңири тааныштырган.
Кубанычбек Маликовдун көзүнө чалдыкканда... Кыргыз өкмөтү жер-жерлердеги басма сөз иштерин, радио уктурууларды активдештирет. Ошондо педтехникумду бүткөн билимдүү, ырларды, пьесаларды жазып жүргөн Кубанычбек Маликовду Нарынга газета чыгарууга жиберет. Иш сапары менен жүрүп, Ак-Талаадан Муса Баетовго жолугат. Анын арген үнүнө куштар болот, өзгөчө анын сөзүн да өзү жазып, обонун да өзү чыгарган ырларын угуп тамшанат. Ыраазы болуп эле калбай Нарынга ишке чакырып, билими анча эместигине карабай райондук кесипчилер кошуунунун төрагасы кызматын берет. Ошондой күндөрдүн биринде Маликов педтехникумда чогуу окуган Абдылда Байымбетов деген жигит менен шаардын туш тарабына афишаларды илип, "Муса Баетовдун концерти" деп жазып, клубда али эч ким тааный элек жигиттин концерттик кечесин өткөрүшкөн. Концерт аншлаг менен өткөн. Анын концерти ар жума сайын болуп, Нарын өзгөчө шаңга бөлөнгөн. Кеңеш өкмөтү бир аз бышыкталып, өз тарабына элди тартуу үчүн жер-жерлерде радио түйүндөрүн ачат. Ошондой бир түйүн Нарынга да ачылат да, 1931-жылдан 1934-жылга дейре ал жерде Муса Баетов иштегендей эле өз ырларын, күүлөрүн элге жеткирип түз эфирден чыгып турганга чоң мүмкүнчүлүгүн ачып берген.
Мүнөзү. Жүрүш-турушу. Аракети. Анын үнү тубаса бийик, күчтүү болуп, ырдаганда ар бир адамды өзүнө тартып турган. Ар дайым алдыга умтулуп жүргөн, боорукер, адамдык сапаты бийик, жөнөкөй, кыздай кыялдуу киши болгон. Сыпаа мүнөз, барга-жокко көппөгөн, топуктуу, жалган айтпаган, ушакка жакындабаган адам катары таанылган. Эл аны кайда барбасын коноктоп, ээрчип жүрүп ырын угуп, "булбулубуз" деп коюшчу. Келин-кыздардын өзгөчө сүймөнчүлүгү эле.
Фото Айбек Шамшыкеевдин Кылымдын авазы аттуу китебинен алынды. Мыкты аткаруучу, комузчу Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2016
Ырчы Мыскал Өмүрканова тууралуу 10 факты. "Алымканга" Сталин эмес, Хрущев кол чапканда
Артисттик жылдары. 1934-жылы аны Коммунисттик партиянын Ат-Башы райондук комитетинин биринчи секретары Акматбек Жумабаев Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына сынакка алып келген экен. Ал учур тууралуу төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев мындай дейт: "Комиссия мүчөлөрү отурган бөлмөгө кирдим. Ортого коюлган отургучка жазы маңдай, кызыл жүздүү, жапалдаш бойлуу жаш жигит келип отурду. Комузун колго алып "Жароокерди" ырдады. Мусанын мукамдуу кооз үнү отургандарды дароо арбап, өзүнө тартып алды. Анан сезимибизди козгоп, жүрөгүбүздүн терең жерине жетип, жаш жигиттин сүйүүгө болгон кусалыгы, жароокер сүйгөнүн күнү-түнү эстеп сагынганын отургандарга элестетти. Бөлмөнүн ичи жымжырт. Бир гана Мусанын ажайып үнү бирде жаңырып, бирде салмактуу угулат. Муса кыяк (гармонь) менен да ырдады. Комиссиянын мүчөлөрү Мусаны театрга кабыл алууга бир добуштан чечим чыгарышты". Ошентип тез эле 1934-жылы сентябрь айында алгачкы жолу концертке катышып, борбордогу тушоосу кесилген. Музыкалык драма театры 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына айланганда ал жакка которулат, ошол мезгилде нота үйрөнөт. Башкы дирижёр Петр Шубиндин айтканы менен болуп, эл аспаптар оркестринде комуз-альтта ойноп, өзүнүн жана Атай Огонбаевдин "Эсимде" деген ырларын ырдап, тунгуч солист катары элге таанылат. Филармониядан бөлүнүп чыккан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солисттик кызматка которулат. Эгер филармонияда өз ырларын жана элдик ырларды ("Сары-Ой", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Акзыйнат", "Даанышман") аткарып жүрсө, опера жана балет театрында "Айчүрөк" операсында Сыргактын, "Манас" операсында Алмамбеттин партияларын аткарган. Музоокенин "Керме-Тоо", "Муңдуу күү", "Сары өзөн", "Коңур жаз" жана бир топ элдик күүлөр да репертуарында болгон. Затаевич, Виноградов сыяктуу музыка таануучуларга элдик обон-күүлөр тууралуу түшүндүрмө бергени да белгилүү.
1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнүн Кремлдин Чоң Сарайындагы 5-июндагы Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыгып, өзүнүн өзгөчө талант экендигин көрсөткөн. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен.
Кыргыз маданиятына гармонь инструментин аралаштырган. Муса Баетов кыргыздар арасында мурда белгисиз болгон, татарлар аркылуу тарап жаткан гармондо (гармошка, же кыргыздар атап алгандай, кыякта) ойногонду үйрөнөт. Асек Жумабаев экөө "Алма алам", "Кыздар, ай", "Сагындым" деген ырларды лирикалык жана сатиралык тон менен ырдашып, бүт кыргыз жергесине гармонь үнүн таанытып, аны элге сиңирүүгө жетишкен. Ошондой эле ал казактардын домбурасын да ойной алган.
Комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Бычактын мизи менен комуз чертип, Сталинди таңданткан Атай Огонбаев. 15 факт
Чыгармачылыгынын бийиктиги. Токтогул Сатылгановдун сүргүн ырларын негиз кылып алып "Айланган тоонун бүркүтү" аттуу трегедиялуу, социалдык-саясий мааниси курч обонун чыгарган. Бул чыгарманы композитор Власов комуз кошулган симфониялык оркестрге ылайыктап иштеп чыгып, аны Муса Баетов ырдаган. Бул чыгарма башка ырчылардын да репертуарына кирип, радионун алтын казынасына да жазылып алынган.
Эки Муса. Биринчи Муса — Ормон кандын казак токолунан туулган Сейилкандын уулу, Ысык-Көлдүн Корумду айлында 1873-жылы жарык дүйнөгө келген, кадимки Карамолдо Орозовдун айылдашы жана жээни комузчу Муса. Экинчиси — Муса Баетов. Эки адаш, шилекей алышкан ага-ини достор ээрчишип басып калса эл суктана карап "Кадырлаш, сырдаш болсоңор чоң Муса менен бала Мусадай болгула" дешчү экен.
Ысымын эстеп турабыз. Ырчы 1949-жылы 9-майда катуу ооруп жүрүп каза болгондо анын ысымы Фрунзе шаарындагы бир көчөгө ыйгарылган. Жашаган үйүнө мемориалдык тактай кадалган. Гапар Айтиев "Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун портрети" деген сүрөтүн тартып, ал ошол 1949-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр музейинде көрсөтүлүп келет. Ак-Талаа районунун борбору Дөрбөлжүн айылы Баетовдун ысымын алган (1981). Аты Нарын маданият үйүнө, Ак-Талаанын Үгүт айылындагы мектепке, Балыкчы шаарындагы көчөгө да ыйгарылган. Обондуу ырларынын топтому анын жүз жылдыгына карата Балбай Алагушовдун түзүүсүндө 2002-жылы "Арпанын Ала-Тоосунан" деген ат менен басылып чыккан. Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0