Дүйнө чемпионатын багындырган балбан кыздар мекенине кайтып келди. Видео

© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСКыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатын кайтып келди
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатын кайтып келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Спортчуларды туугандары жана бийлик өкүлдөрүнөн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору тосуп алды.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатын багындырган кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди.
Бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортуна спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучулары: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев, Чынарбек Изабеков келип түштү.
Аларды туугандары, жакындары жана бийлик өкүлдөрүнөн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев тосуп алды.
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло уткан. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байге алды.
Аны менен катар грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков финалга чыгып, бүгүн кечинде алтын үчүн кармашат.
Кыз-келиндер курама командасынын келери тууралуу коомчулукка маалымдалган эмес. Буга байланыштуу аз эле адам барып тосуп алды. Кээ бир соцтармак колдонуучулары өлкө намысына жараган спортчуларды тосуп алуу начар уюштурулганына нааразычылыгын билдирүүдө.
Дал ушул балбан кыздардын алтын алышы менен Кыргызстан дүйнө чемпионатында медалдардын саны боюнча 5-орунга чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0