№ 7 жана № 8 троллейбустар Ак-Өргө конушуна чейин каттай баштайт

© Sputnik / Владимир ПесняТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Мурда Өмүрканов көчөсүнүн Фрунзеден Ашарга чейинки бөлүгүндө ремонт башталгандыктан троллейбустардын схемасы өзгөргөн.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 10-октябрдан тарта № 7 жана № 8 троллейбустар кайрадан Ак-Өргө конушуна чейин каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Бишкектеги маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Бишкекте айрым маршруткалардын саны көбөйтүлөт. Тизме
Эми №7 троллейбус мурдагы графиги боюнча эле Тунгучтан Ак-Өргөгө чейин каттайт. Линияга 17 троллейбус чыгып, интервалы 8-10 мүнөт болот.
Ал эми №8 троллейбус Чыгыш автобекетинен Ак-Өргөгө чейин эл ташыйт. Линияга 13 троллейбус чыгып, интервалы 8-10 мүнөт экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0