Бишкекте бир мектеп толугу менен карантинге жабылды. Окуучулар онлайн окуйт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКарантиндеги мектептин классы. Архив
Карантиндеги мектептин классы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, аталган билим берүү жайында коронавирус жуктурган үч учур катталган.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте №67 мектеп-гимназия карантинге жабылып, окуучулар аралыктан окууга өттү. Маалыматты Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен тастыкташты.
Буга чейин аталган мектепте билим алган окуучулардын ата-энелери мектеп 10 күнгө карантинге жабылганын айтып чыгышкан.
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, аталган билим берүү жайында коронавирус жуктурган үч учур катталган.
"Мектепте эки окуучу, бир мугалимден коронавирус аныкталды. Мындан улам балдарды эки жумага аралыктан окууга тараттык. Азырынча бул — онлайн-окууга чыккан жалгыз эле мектеп", — деди департамент өкүлдөрү.
Ата-энелер мектеп карантинге 8-октябрдан 18-октябрга чейин жабылганын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0