14:35 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Кыргызстан "Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө" Европа конвенциясына кошулса, Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура Европа өлкөлөрүндө соттолгон кыргыз жарандарын которуп келүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул үчүн быйылкы жылдын сентябрь айында Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Тышкы иштер министрлиги Европа кеңешине кайрылып, Кыргызстанды 1983-жылы кабыл алынган "Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө" Европа конвенциясына кошуусун суранган.

"Бул жаатта алгачкы гана кадамдар жасалып жаткан жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Европа кеңешинин катчылыгынын ортосунда деталдуу сүйлөшүүлөр 2019-жылы башталган. Андан кийин дагы бир нече ирет процедуралык маселелер талкууланган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер маселе оң жагына чечилсе, Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Европа кеңеши — Европа биримдигиндеги жогорку саясий орган. Ага ЕБге кирген мамлекеттердин президенттери жана өкмөт башчылары мүчөлүк кылат.

Тема боюнча

Прокуратура депутаттарды суракка сүйрөгөн каттын жасалмалуулугун текшерүүдө
Мындан ары прокурорлордун балдары кыргыз тилинде тарбияланмай болду
Белгилер:
Кыргызстан, Европа, Башкы прокуратура, келишим, ТИМ, конвенция

ЭҢ МААНИЛҮҮ