Ата-энесиз калышкан. Казакстандан кыргызстандык балдар кайтарылды

© Фото / пресс-служба МИД КРОюнчук кармап турган бала. Архив
Оюнчук кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Балдарды алып келүү боюнча иштерди Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аткарды.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Казакстанда ата-энесиз калган эки кыргызстандык бала мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Балдарды алып келүү боюнча иштерди Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аткарды.
"Элчилик балдарды мекенине жөнөтүү үчүн документтерди даярдоого жардам берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен маалымдашкандай, элчилик чет жакта ата-энесинен ажырап калган балдардын укугун коргоо максатында бир катар иш-чараларды жүргүзүп келет. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар түрдүү себептерден улам ата-энесинин камкордугунан ажырап калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0