Парламентте "уйдун атасы, апасы" деген агроном депутаттарды таң калтырды

© Фото / сайт РГАУ – МСХАЭкс-министр сельского хозяйства Кыргызстана Торогул Беков
Экс-министр сельского хозяйства Кыргызстана Торогул Беков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Агрономдун айткан сөзүнө таң калган депутат "кайсы ири мүйүздүү малдын атасы, апасы болот?" деп сурады.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Парламентте "уйдун атасы, апасы" деп сүйлөгөн агроном депутаттарды таң калтырды.
Дүйнөлүк банктын "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорунун жетекчиси Төрөгул Беков малдын асыл тукумдуулугу тууралуу Экмат Байбакбаевдин суроосуна жооп берген.
"Апасы жылына 2000 литр сүт берип жатат, атасы 11,5 миң литр сүт берген бука болуп жатат (бука породасындагы уйлар — ред.). Биз жасалма уруктандыргандан кийин алардын музоолору 4,5 миң литр сүт берет деп ойлойбуз. Биз сапатка өтүп жатабыз", — деди Беков.
Андан соң сөзүнө түшүнбөгөн Аалы Карашев "малдын да атасы, апасы болобу?" деп таң калып, кайсы ири мүйүздүү малдын атасы, апасы болоруна кызыкты.
Мындан улам Бековдун кесибин сурады эле, ал тоют өндүрүү боюнча агроном экенин айтты.
"Бир зоотехникти алып келбейсиңерби, "атасы, апасы" дебей "саан уй, бука" деп айткыла да", — деди Карашев.
Анда Төрөгул Беков бир орун басары зооинженер, экинчиси ветеринардык дарыгер экенин айтты.
Учурда парламент Дүйнөлүк банктын "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбооруна кошумча каражат тартуу боюнча макулдашууну ратификациялоо мыйзамын карап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0