Мэр: Бишкекте мурда 4 миң маршрутка иштесе, азыр 1,6 миңи гана чыгууда

© Sputnik / Эмиль СадыровСитуация с общественным транспортом в Бишкеке
Ситуация с общественным транспортом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Азыркы тапта Бишкек шаарында ичи бошураак маршруткалар сейрек кездешет. Мэрдин айтымында, мурдагыга салыштырмалуу маршруткалардын саны кескин азайды.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын саны 4,1 миңден 1,6 миңге азайды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, каттамга чыккан автобустардын дагы саны кыскарган.
"2017-жылы борбор калаада 4,1 миң маршрутка эл ташычу. Азыр линияга 1,6 миңи гана чыгып жатат. 2019-жылы автобустардын саны 137ге жеткени менен бузулуп отуруп учурда 87си гана иштөөдө", — деди мэр.
Ал ошондой эле 2017-жылы 103 троллейбус болсо, учурда 130 троллейбус иштеп жатканын кошумчалады.
Жунушалиев жакында эле дагы 210 автобус алынганын эскертип, анын 80-90у гана иштеп жатканын айтты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Бишкек мэри таштандыны рекультивациялоо келишими эмнеге бузулганын түшүндүрдү
"Учурда айдоочулар окутуудан өтүп жатат. Ошондуктан жаңы автобустардын жарымы линияга чыга элек", — деди мэр.
Жунушалиевдин айтымында, транспорт тартыштыгын чечүү үчүн 33 миллион евро бөлгөнү жаткан Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул каражатка газ менен жүргөн 250-300 автобус сатып алуу пландалууда. Келишим долбоору министрлер кабинетинде каралып жатат.
Мындан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы менен электробустарды алуу үчүн 50 миллион долларлык долбоор боюнча иш жүрүп жатканы айтылды.
Мэр газ менен жүргөн автобустар боюнча да көйгөй жаралышы ыктымалдыгын кошумчалады.
"Бишкек автотранспорт ишканасынын "Газпром Кыргызстан" компаниясына 18 миллион сом карызы бар экен. Эгер эртең автобустар токтоп калса ким күнөөлүү болот? Жаңы келген мэрби?" — деди мэр.
Ал ошондой эле "Газпром Кыргызстан" кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасашы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болушканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0