Жапаров авиация тармагын өнүктүрүүнүн жолдорун атады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Президент аба транспортунун ролу өзгөчө пандемия учурунда, жарандардан сырткары социалдык жактан маанилүү гуманитардык жана медициналык буюмдарды ташууда билингенин айткан.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү, ошондой эле жүк ташууда аба транспорту маанилүү роль ойной турганын белгилеген. Бул өзгөчө пандемия учурунда, жарандардан сырткары социалдык жактан маанилүү гуманитардык, медициналык буюмдар аба аркылуу ташылганда айкын болгонун айткан.
"Биз өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун туура колдонушубуз зарыл. Авиациялык кызмат көрсөтүүлөр дүйнөдө ыкчам өнүгүп жатканын эске алып, эл аралык аэропорттордун жүк өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ар түрдүү унаа ээлери менен кызматташкан аба түйүндөрүн тез арада түзүү кажет. Ошону менен бирге Кыргызстанда чакан авиацияны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл. Бул калктын жана экономиканын авиациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын канааттандырууга толук мүмкүндүк берет", — деген өлкө башчы.
Президент авиация кызматкерлерине чың ден соолук, иштерине ийгилик, жагымдуу аба ырайын, ачык асман жана бакубат жашоо каалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0