Курсан Асанов аудио жазылмага дайындалган экспертизанын жыйынтыгын кабарлады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Курсан Асанов анын Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио жазылмага техникалык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыкканын билдирди.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн, 6-октябрда, Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына барып, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, Курсан Асанов анын Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио жазылмага техникалык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыкканын билдирген.
"Россия менен Казакстандан экспертизанын жыйынтыгы келди. Ага ылайык, аудио жазылма алты жеринен кескиленип, түрдүү убакта, түрдүү сүйлөшүүлөрдү колдонуу менен жасалганы аныкталды", — деген Асанов.
Ал ошондой эле акыйкатчыга ИИМдин имаратын басып албаганын айтып, окуя кандайча болгонун түшүндүргөн.
"6-октябрда ИИМдин имаратына келсем ал жерде мурдагы ички иштер министри менен дагы башка бейтааныш адамдар бар экен. Ошол жерден мага УКМКдан чакыруу түштү, ойлонбостон жөнөп кеткем. Ал эми ички иштер министринин милдетин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын жазуу түрүндөгү буйругун алгандан кийин киришкем. Эң башкысы мен ИИМдин жамаатына расмий түрдө тааныштырылгам", — деген Асанов.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Кыйноолорду алдын алуу борбору Асановдун №50 абакта кармалышына тынчсызданууда
Сөзүнө далил катары Асанов Коопсуздук кеңешинин 6-октябрдагы катынын (Курсан Асановду ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө) көчүрмөсүн көрсөтүп берген.
Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Бул иш боюнча "Толубай" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Сарыбаев да камалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0