Бишкек: мэриянын жеңилдик каралгандарга көмүрдүн ордуна берген акчасы аз болууда

© Sputnik / Эмиль СадыровКөмүр каптары. Архив
Көмүр каптары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Мэриядан акчалай компенсациянын көлөмү 5 700 сом болгонун, ал 1,5 тонна көмүрдүн ордуна берилип жаткандыгы белгилүү болду. Бирок буга азыр жогоруда айтылган отунду сатып алуу мүмкүн эмес.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы жетишпеген 4 105 үй-бүлө мэриядан бериле турган көмүрдүн ордуна акча алат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Жеңилдик ала турган категориядагы 4 105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом төлөнөт (болжол менен ар бир бүлөгө 5 225 сом — ред.). 18,47 миллион сомдук компенсация 3 672 түтүнгө берилди. Тагыраагы, алардын 89 пайызы тиешелүү каражатын алды", — деп айтты мэриядан.
Буга чейин муниципалитеттен акчалай компенсациянын көлөмү 5 700 сом экендигин, бир бүлөгө 1,5 тонна көмүр берилерин айткан. Жалгыз жашаган пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жеткирип берүү үчүн акча каралмак. Шаар борборунда жашагандарга 500, конуштардагыларга 700 сомдон бөлүнгөн.
Жумушчулар кампада көмүрдүн температурасын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот. Даректер
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы көмүр саткан жерлерге чалып, мэрия айткан суммага 1,5 тонна келбей тургандыгын билди.
Учурда көмүрдүн Кара-Кечеден ташылгандары 4 500-4 700 сом, Казакстандан алып келингени андан кымбат. Кээ бир жерлерде такыр эле жоктугун айтышты. Буга чейин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов Чүй облусунда жергиликтүү көмүр 4,5-4,7 миң сом турарын билдирген. Андан улам учурда 1,5 тонна сатып алуу үчүн жеткире турган акчасын кошпогондо 6 750 сом керек болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0