Sputnik Кыргызстандын жетекчиси смартфондор доорунда иштөөнүн өзгөчөлүгүн айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Елена Череменина евразиялык бирикменин иш-чаралары боюнча макалаларды болушунча окурманга түшүнүктүү жана жөнөкөй кылып жазуу керектигин айтты.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина окурмандар макалаларды смартфон аркылуу окуп калган доордогу иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Ал "Пикир" регионалдык эксперттердин клубу уюштурган "ЕАЭБ мамлекеттеринин азыркы шартка жараша маалыматтык кызматташтыгы" тегерек столуна катышты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси төмөнкү учурларга токтолду:
  • евразиялык бирикменин иш-чаралары боюнча макалаларды болушунча окурманга түшүнүктүү жана жөнөкөй кылып жазуу керек. Ошондой эле "жандуу" маектер ашыкча болбойт;
  • акыркы жылдары макалаларды смартфондон окугандардын саны өсүп отуруп, дээрлик 90 пайызга жетти. Аналитикалык чоң макалаларда смартфондон окуган өтө татаал. Андыктан Sputnik Кыргызстан олуттуу темаларды жөнөкөйлөштүрүп жеткирүү үчүн мультфильмдерди тартууда. Балким жакын арада ушундай эле жол менен евразиялык бирикменин иш-чараларын чагылдырууга аракет болор.
Жаңылыктар түрмөгү
0