Автоунааларды бак-дарактын алдына токтотпогула! Бишкек мэриясы эскертүү берди

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖол жээгинде токтоп турган унаалар. Архив
Жол жээгинде токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Өткөн жылдары борбор калаада бактар кулап, токтоп турган машиналарды талкалаган учурлар катталган. Мэрия мындай окуялар кайталанып калышын эскертти.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бир нече күн бою Бишкекте жаан-чачын жаай турганына байланыштуу шаардык муниципалитет автоунааларды бактардын түбүнө токтотпоого чакырды.
Мэрия жөө адамдарды дагы сак болууга үндөгөн.
"Жаан-чачын катуу жаап жаткандыгына байланыштуу шаардыктарды жолдо абайлап жүрүүгө чакырабыз. Автоунааларды бактардын ийилип калган оор бутактарынын алдына токтотпоңуздар", — деп айтылат маалыматта.
Бак-дарактардын кулап же бутактардын сынганын көргөндөр болсо мэриянын 1840, 1850 Сall-борборуна чалып, сүрөттөрүн 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтө алышат.
Эске салсак, өткөн жылдары борбор калаада бактар кулап, токтоп турган машиналарды талкалаган учурлар катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0