80 кишиден COVID табылып, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

© AP Photo / Firdia LisnawatiМедициналык кызматкерлер ооруканада COVID-19дан жабыркаган киши менен. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада COVID-19дан жабыркаган киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Өлкөдө өлүм учурлары дагы деле катталууда. Пандемия башталгандан бери илдет 2 612 адамдын өмүрүн алган.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 80 кишиден коронавирус табылып, 90 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 40;
  • Чүй облусу – 22;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 178 932ге жетти. Анын ичинен 173 712 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус эки адамдын өмүрүн алган. Пандемия башталгандан тарта жалпысынан 2 612 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Стационарда 446, ал эми амбулатордук шартта 676 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0