Өтмөк ашуусу менен жол жүргөндөр этият болгула! Талас ОИИБдин эскертүүсү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАвтоунаа кар жааган учурда. Архив
Автоунаа кар жааган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Облустук милиция аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды жол кырсыктарын жана тыгындарды болтурбоо үчүн эрежелерди сактоого чакырды.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өтмөк ашуусу аркылуу жол жүрөм деген жарандар этият болушу керектигин Талас облустук ички иштер башкармалыгы эскертти.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Облустук милиция жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу үчүн айдоочуларга автоунаанын дөңгөлөгүнө чынжыр тагып, ошондой эле ылдамдык жана аралык сыяктуу коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Буга чейин Кыргызгидромет Кыргызстандын айрым аймактарында 6-7-октябрда үшүк жүрөрүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0