УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн 12 аскери Кара-Кечени кайтарууга барды

© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү. Архив
УКМКнын Альфа атайын даярдыктагы бөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Мындай аракеттер күз-кыш мезгилинде кендеги коопсуздукту камсыздоо максатында көрүлүп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 12 аскери Кара-Кече көмүр кенин кайтарууга барды. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай аракеттер күз-кыш мезгилинде кендеги коопсуздукту камсыздоо максатында жасалууда.
"УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич бизге "Альфанын" командасынан 12 адам бөлүп берди. Алар курал-жарагы менен барып, өзүбүздүн 20 адамдан турган коопсуздук кызматкерлерине кошулуп кенди кайтарып жатышат", — деди Жакыпов.
Мындан сырткары, ал Кара-Кеченин ичиндеги ишканалардын бирине ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерин тартуу макулдашылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0