Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКызыл зонада иштеген медик. Архив
Кызыл зонада иштеген медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын айрым ооруканаларында кызыл зонада иштеген медиктер азыркы күнгө чейин кошумча акысын ала албай убара.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ак халатчандарга берилчү акча эмнеге кечиктирилип жатканын билип көрдү.
Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкери (аты-жөнүн жарыя кылбоону суранды) августтун ортосунан сентябрдын ортосуна чейин аталган ооруканада кызыл зона ачылганын айтып, ал жакта иштеген медиктер кошумча акысын ала албай жатканын билдирди.
"Кызыл зонага кирип жатканда кошумча акы төлөнө турганын убадалашкан. Бирок ал каражатты эмнегедир кечиктирип жатышат. Айрымдар "күткүлө, берилет" десе, кээ бири акча жок экенин айтышууда. Кызыл зонада атайын график менен иштегенбиз, бул үчүн кошумча акча берилип, медиктердин эмгеги бааланышы керек деп ойлойм", — деди дарыгер.
Ал август-сентябрь айынын компенсациясын бир гана Онкология борборунун кызматкерлери эмес, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, №1 шаардык клиникалык ооруканасында кызыл зонада иштеген кесиптештери да ала электигин айтты.
Замминистра здравоохранения и социального развития КР Жалалидин Рахматуллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Радио
Рахматуллаев: COVID менен ооруган 1 580 медикке компенсация төлөндү
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду август-сентябрь айларында коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медиктердин компенсациясы чындыгында төлөнө электигин айтып, бул боюнча документ Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлгөнүн белгиледи. Министрлик каражат бөлөрү менен медиктердин кошумча акысы берилери айтылды.
Экономика жана финансы министрлигинин адиси Мариям Мамбеталиева бул маселе чечилгенин айтып, каражат жакын арада медиктердин колуна тийип каларын убадалады.
"Эгер кеп өкмөттүн долбоорунун чечими тууралуу болуп жатса, анда ал маселе чечилген. Биз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна каржы бөлүп берүүгө макул деп жооп бергенбиз. Киреше эми түшүп, каржылоо октябрда башталды. ММКФга каражат пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдөн кийин берилет. Болжол менен октябрдын ортолоруна туура келип калат. Бир аз күтө турса, алышат", — деди Мамбеталиева.
Белгилей кетсек, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0