Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТоолор. Архив
Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
6-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3…+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Нарын өрөөнүндө +8…+13 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0