14:20 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Коом
Кыскача шилтеме алуу
486 0 0

Акимдердин укугу акырындап кеңейе турганы айтылды. Биринчи этап боюнча район башчылары ижарага жер берип, жаңы мөөнөткө келишим түзө алышат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы район башчыларынын укуктарын кеңейтти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи этапта акимдер эки комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Алар:

Бишкек шаарындагы жер тилкелерине ижара укугун берүү жана жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү маселелерин кароо;

Жеңил типтеги объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү.

"Муниципалитет акимдерге башка ыйгарым укуктарды да өткөрүүнү пландап жатат. Бирок бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилет. Акимдердин жоопкерчилиги жергиликтүү калктын жашоосунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу максатында күчөтүлүүдө", — деп жазылат билдирмеде.

Акимдерге айрым маселени чечүүгө укук берүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланышкан маселелердин өз убагында жана сапаттуу чечилишине жардам берери айтылды. Мындай чаралар өлкө башчы Садыр Жапаров жүргүзгөн саясаттын алкагында көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Тема боюнча

Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору
Белгилер:
Бишкек мэриясы, аким, укук, жер, ижара, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ