Коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, 69 киши оору жуктурду

© AP Photo / Jorge SaenzОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Кечээтен бери коронавирус жуктурган учур Нарын, Ош, Баткен облустарында катталган эмес. Азыркы тапта 451 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 69 кишиден коронавирус аныкталып, 84 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 32;
  • Чүй облусу – 21;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 6.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 178 852ге жетти. Анын ичинен 173 622 адам ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт өткөн суткада эки адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен жалпы 2 610 киши коронавирустун курмандыгы болду. 
Азыркы тапта стационарда 451, ал эми амбулатордук шартта 684 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0