Ортопед: компьютердин алдында туура эмес отуруу мээге кедергисин тийгизет

© Фото / Pixabay/ StartupStockPhotosКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Дарыгер мониторду тиктеп көпкө отурганда баш билинбей алдыга салаңдап, мунун айынан моюн булчуңдарына күч келип, мээге кан менен кычкылтек жетпей каларын айтты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жумуш аяктаганда катуу чарчоо компьютердин алдында туура эмес отурганга да байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна дарыгер-ортопед Елена Пастарнак ой бөлүштү.
Дарыгердин айтымында, адатта бул иштин өзү жеңил өтүп, ага карабастан алдан тайып калганда байкалат. Себеби адам туура эмес отурганда мээге кычкылтек жетпей калат.
"Мониторду тиктеп көпкө отурганда башыбызды түз кармабайбыз. Башыбыз алдыга ылдыйлаганда моюн булчуңдарына күч келип, кан жакшы айланбай, баш ооруп, адам өзүн жаман сезет. Анан далыны куушуруп, бүкүрөйүп да алабыз. Мунун айынан төш кысылып, дем алуу начарлайт. Мээге кан менен кычкылтектин толук жетпей калышынан алсыздык жана уйкучулук жаралат", — деди Пастарнак.
Дарыгер мындай кесепеттерди алдын алуу үчүн компьютердин алдында белди жана башты түз кармап отурууну, ошол эле учурда чыңалбай, денени бош коюуга кеңеш берген.
Ошондой эле дарыгер-ортопед кеңсе кызматкерлерине күнүнө жок дегенде бир сааттан ордунан туруп, кыймылдоону сунуштаган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0