Ооруга кептейт. Диетолог 45 жаштан кийин баш тарта турчу азыктарды атады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКант. Архив
Кант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Адис организмде өзгөрүү жүргөн маалда айрым азыктар рак, диабетке кабылуу коркунучун жогорулатышы ыктымал экенине токтолгон.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ден соолукту сактап калыш үчүн жаш өйдөлөгөн сайын күнүмдүк тамактанууга маани берип, рационду өзгөртүү керек. Бул тууралуу диетолог Анна Петрова билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, 45 жаштан кийин калориялуу тамактардан, консервант жана майдан баш тартуу керек.
Адис организмде өзгөрүү жүрүп жаткан маалда айрым азыктар рак, диабетке кабылуу коркунучун жогорулатышы ыктымал экенине токтолгон.
"Эң биринчи таттуу токочтордон баш тарткан оң. Анткени ал адамды шишитип, терини бузат. Мындан сырткары, курамында кумшекери көп тамактар жана кондитер азыктары атеросклероз, инсульт, жүрөк оорусуна кептеши мүмкүн", — деген диетолог.
Адис анын ордуна кумшекер кошулбаган торт, диеталык десерттерди сунуштаган. Ошондой эле ачыткы кошулбай бышкан нан жеш керектигин айткан. Петрова ичимдик боорго күч келтире турганын эскертип, андан да баш тартууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0