Энергохолдинг: лимит сакталбай жатканы электр кубатына таасир тийгизиши мүмкүн

© AFP / INA FASSBENDERЭлектр эсептегичи. Архив
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Апрелден тарта августка чейин кыргызстандыктар электр кубатын 471 миллион киловатт-саат, былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга көбүрөөк жаккан.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймактары электр кубатын пайдалануу лимитин сактабай жатканы электр жабдууларынын ишине жана анын кышында элге үзгүлтүксүз берилишине таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук электр холдингинин маалымат кызматынан кабарлады.
Ведомстводон апрелде министрлер кабинети "Калкты жана экономиканын тармактарын 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо" деп аталган токтомго кол койгонун эске салышты.
"Документте республиканын бардык аймактары үчүн электр энергиясын колдонуу жана анын кубаты боюнча эсептер бекитилип берилген эле, бирок ал сакталбай жатат", — деп айтылган маалыматта.
Апрелден тарта августка чейин кыргызстандыктар электр кубатын 471 миллион киловатт-саат пайдаланып, лимиттен 14 пайызга көбүрөөк жаккан. 3 383,7 миллион киловатт-саат деген көлөм бекитилсе, учурда ал 3 854,6 миллионго жеткен.
Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо
"Электр кубатынын колдонуу лимитин сактабагандын энергетикалык жабдуулардын ишине жана андан тышкары кышында элге үзгүлтүксүз берилишине таасир этиши мүмкүн", — деп эскертишти Энергохолдингден.
3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард куб метрди түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиардга аз дегенди билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0