Бишкекте түнкүсүн жарык берүүгө чектөө киргизилбей турган болду

© Sputnik / Эмиль СадыровТүнкү Бишкек. Архив
Түнкү Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Энергохолдингден билдиргендей, электр энергиясын керектөө улам өсүп жатат. Бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз болууда.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Улуттук энергохолдинг Бишкектеги сырткы жарыктандырууга кечкисин чектөө койбой турган болду. Бул тууралуу компаниядан билдирди.
Себеби айтылган жок. Буга чейин Улуттук энергохолдинг Токтогул ГЭСиндеги суунун жетишсиздигинен улам Кыргызстанда парктардын, дүкөндөрдүн, айрым көчөлөрдүн жана көрнөк-жарнактардын жарыгы түнкүсүн өчүрүлө турганын маалымдаган. Бул нерсе соцтармакта катуу сынга алынган.
Холдингден билдиргендей, электр энергиясын керектөө барган сайын өсүп жатат.
"Энергокомпания керектөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүүдө. Карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт. Ошентсе да бүгүн көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук энергохолдинг күз-кыш мезгилинде дефицит жаралбашы үчүн керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөп, жылуулуктун альтернативдүү булагын (газ, көмүр) колдонууга чакырууда.
Республика боюнча электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0