Президент Гүлнара-Клара Саматка Армениядагы элчиликти да кошуп берди

© Фото / пресс-служба ЖКГульнара-Клара Самат. Архив
Гульнара-Клара Самат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү Ереванда дипломатиялык өкүлчүлүк жок болгондуктан Москвадагы элчилик аркылуу кызматташууну чечкен.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматка Арменияда дагы элчилик кызматын аркалоо укугу берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров аны ишин айкалыштырып Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Армениядагы элчиси кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Белгилей кетсек, Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп үстүбүздөгү жылдын 22-февралында дайындалган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0