Коронавирус 43 адамдан аныкталып, бир бейтап көз жумду. Статистика

© REUTERS / ALEXANDROS AVRAMIDISМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтап менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Акыркы убакта оору жуктургандардын саны азайып бара жатат. Тилекке каршы, кечээтен бери илдет бир адамдын өмүрүн алды.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 43 адамдан аныкталып, 67 киши айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңыдан жуктуруп алгандар:
  • Бишкек — 26;
  • Чүй облусу — 4;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 2.
Ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 178 783 болду. Тилекке каршы, илдет бир адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан 2 608 киши дал ушул дарттан каза тапты.
Жаңылыктар түрмөгү
0