Кыргызстандын аймактарында 4-5-октябрда үшүк жүрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте үшүк учурунда аял жолдон өтүп бара жатат. Архив
Бишкекте үшүк учурунда аял жолдон өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Күндүн суукташы жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казып алынып жабыла элек картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 4-5-октябрь күндөрү Кыргызстандын айрым жерлерине жаан жаап, түнкүсүн өлкөнүн кээ бир аймактарында үшүк жүрөрүн билдирди.
Ага ылайык, эртең, 4-октябрда, айрым аймактарга жаан жаап, тоо этектеринде жамгырдын карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
"Өзгөрүлмөлүү аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.
Первый снег выпал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаады. Соцтармактагы сүрөттөр
4-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градус, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү ыктымал.
Аба ырайынын суукташы жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып, бирок жабыла элек картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0