Ардагер дипломат Марат Саралинов көз жумду

© Фото / пресс-служба МИД КРАрдагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов . Архив
Ардагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Саралинов 1941-жылы Фрунзе шаарында туулган. Дипломатиялык кызматын 1969-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы катары баштаган.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ардагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ТИМ өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кабарлады. 
"Ардагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору Марат Саралинов 3-октябрь күнү 81 жашында көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.
Саралинов 1941-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Дипломатиялык кызматын 1969-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы катары баштаган. Кийин СССР ТИМинин Жогорку дипломатиялык мектебинде даярдоо курсунан өткөн.
1996-2001-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болгон. 2003-жылы Кыргызстандын Дубайдагы генералдык консулу болуп эмгектенген. 2004-2005-жылдары КР президентинин администрациясында, 2005-жылдан тарта ТИМдин Дипломатия академиясында иштеген.
Мекен алдындагы эмгеги үчүн Даңк ордени, "Манас-1000" төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0