Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партияга же талапкерге иштегендер дароо кызматтан алынып, жоопко тартыларын эскертти.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шайлоолор таза өтөрүн жана административдик ресурс колдонулбай турганын өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Жапаров мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партияга же талапкерге иштегендер дароо кызматтан алынып, жоопко тартыларын эскертти.
"Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары, 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт", — деген ал.
Азыркы мыйзамга ылайык, шайлоочу партиянын ичинен өзүнө жаккан талапкерге дагы добуш бере алат. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги жеке бир талапкерге добуш берилет.
"Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Ушундай жол менен парламентти, жалпы эл, өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер. Ал эми эскилер кайра келе жатат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай "биринчи ондукка кирип алсам депутат болом" деген заман жок. Ал заман артта калды", — деп белгиледи президент.
Жапаров азыр тизмеде талапкердин канчанчы турушу маанилүү эмес экендигин, 54-катарда болуп туруп деле көп добуш алса биринчи болуп келе берерин баса көрсөткөн.
Өлкө башчысы учурдагы кымбатчылык тууралуу да кеп салып, ал Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө болгон көрүнүш экенин, мунун баары пандемияга байланыштуу болгонун белгиледи.
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
ЖК: бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин койгондор 70ке жетти
"Коронавирус пандемиясы башталганына бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт", — деген Жапаров.
Президент ошентсе да өлкө жетекчилиги кымбатчылыкты токтотууну, абалдан чыгуунун жолун издеп күнү-түнү иштеп жатканын билдирди.
"COVID менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшик ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле", — деп белгилеген ал.
Празднование Курбан-байрама в России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Жапаров кыйынчылыктарга карабастан мамлекет пенсияны, жөлөк пулду, эмгек акыны көтөрүп жатканын, Куралдуу күчтөр бекемделип, жолдор жасалып жатканын кошумчалаган.
"Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек", — деген Жапаров.
Президент өлкөдөгү электр энергиясы жана Кумтөр маселеси тууралуу да кеп салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0