COVID: 86 киши ооруну жеңип, өлүм катталган жок. 3-октябрдын статистикасы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер COVID менен ооруган бейтап менен
Медициналык кызматкерлер COVID менен ооруган бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Оору илештиргендердин жалпы саны 178 740ка жетти. Анын ичинен 173 741и дартты жеңген. Бир сутка ичинде өлкөдө өлүм учурлары катталган жок.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 60 кишиден коронавирус табылып, 86 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 28;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 11;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 3.
Оору илештиргендердин жалпы саны 178 740ка жетти. Анын ичинен 173 741и дартты жеңген. Бир сутка ичинде өлкөдө өлүм учуру катталган жок. Негизинен пандемия башталгандан бери 2 607 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта стационарда 436, ал эми амбулатордук шартта 743 киши дарыланып жатканы айтылды.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 5 785 адам өттү, анын ичинен 2 565и биринчи дозаны, 3 220сы экинчи дозаны алган. Ал эми жалпысынан алганда биринчи дозаны 836 029 киши, толугу менен эмдөөдөн 631 598 кыргызстандык өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0