Апамды көңүлдөшүнө акчага сатып ийгендей болом... Кыздын каты

© Photo / Pexels / Katerina HolmesОбращение к семейному психологу
Обращение к семейному психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу апасынын жеке турмушуна кийлигишкенине өкүнгөн кыздын катын жарыялайбыз.
— Саламатсыздарбы! Жүрөгүмдү өйүгөн окуя кечээ жакында эле пайда боло калган жок. Мен азап менен жашап келе жатканыма көп жыл болду. Эки агам жана мен — үчөөбүз кичине кезибизде эле атам неврологиялык оорудан улам шал болуп калыптыр. Кыймылдай албай коляскада отурганы аз келгенсип, сүйлөй да албайт. Апам балдарынан тышкары, оорукчан атамды багып, бир топ кыйынчылыкты көрдү. Биз чоңоюп калганда колго тийген жумуштардын баарында иштеп жүрдү. Ошого карабай өзү назик, сылык-сыпаа, келбети дагы жакшынакай келин болчу жаш кезинде.
Выбор одежды на сезон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Ата-энем жигитимден жүз миңдеген акча сурап кууратты. Кыздын каты
Сегизинчи класста окуп жүргөндө катуу стресске кабылдым. Мектептен чыгып апам менен чогуу кетейин деп жумушуна барып сыртта күтүп тургам. Ал кезде "мен келдим" деп чала койчу азыркыдай телефон жок. Бир маалда апам сыртка чыкты да, эшиктин алдында токтоп турган жеңил машинанын алдыңкы орундугуна отура калды. Ошол замат рулда отурган киши апамды кучактап, катуу сагынган немедей аймалап өпкүлөп кирди. Жакшылап карасам ал киши атамдын Марат деген классташы экен. Атам экөө жакын дос болбосо дагы, кез-кезде кезигип калышчу. Кийин атам жатып калганда анча-мынча тамак-аш алып келип бергени эсимде. Анткени чакан бизнеси менен бутуна туруп, бардар жашап жүргөн киши болчу.
Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп, бир маалда апам колуна бир баштык кармап машинадан түштү. Мен дароо жанына барбай, үйгө чейин артынан алысыраак басып жөнөдүм. Азыр ойлоп көрсөм апам кыйналып турган кезде Марат байкенин акчасын гана эмес, өзүн деле бир топ жакшы көргөн окшойт. Үйгө чейин башын бийик көтөрүп, бир нерсеге сүйүнгөнсүп, кадамдары дагы башкача болуп бат эле жетти. Мен шек алдырбай аркасынан кирсем, столдун үстүнө баягы баштыктагы таттууларды алып чыгып коюп жатыптыр. Чынын айтсам аябай ызаланып бара жаткан жаным ошол замат "жарылып" кеттим. Ыйлап, кыйкырып, атамдын досу менен жүрөсүң деп көп сөз айттым.
Апам менин алдымда өзүн күнөөлүү сезип, бир нече күн сөз айта албай жүрдү. Өзү жалгыз бой үч баланы, майып кишини багып жүрсө, анын үстүнө мен тигинтип кыялымды көрсөтүп бекер кылыптырмын. Баягы окуядан 10-15 күн өткөн соң апам тиги байке менен жолукпай калганын айтты. Мен чоң жеңишке жеткенсип сүйүнүп калдым.
Жылдар өтүп, мектепти аяктадым. Бирок кайсы окууга тапшырып, келечегим кандай болорун такыр билбей калдым. Жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө өтө албадым. Окубай коюуга болбойт. Анткени апамдын болор-болбос акчага колго тийген жумушту кылган оор тагдырын кайталагым келген эмес.
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Радио
Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек
Күндөрдүн биринде Марат байке оюма түштү. Тааныштар аркылуу телефонун издеп таап, уят-сыйытты жыйыштырып коюп ага байланыштым. Ал телефонду аларым менен токтоно албай ыйладым. Буркураган бойдон окууга өтө албай жатканымды айтып, "апам менен кезигип турушуңуз керек" деп догурундум.
Ошентип бир айдан кийин Бишкектеги окуу жайлардын биринин студенти болуп калдым. Менин чалганымды эле күтүп тургансып, байке баарына макул болуп, апам менен кайрадан жолуга баштады. Беш жыл бою окуумдун акысын төлөп турду. Мен ушунча болгондон кийин деп жакшы окудум, бат эле жумуш таптым.
Бирок жеке кызыкчылыгым үчүн апамды акчага сатып жиберген сезимдер жей берет. Өзүмчүлдүгүмө ичим күйөт. Негизи Марат байке менен апам бири-бирин жакшы көрөт экен. Бирок менин акча үчүн апамды сунуштаганым канчалык туура эле? Апамдан кечирим сурашым керекпи?
Психолог Перизат Калмаматова:
— Урматтуу автор, бул жерде сиз апаңыздан кечирим сурайсызбы же сурабайсызбы, жеке өзүңүздүн тандооңуз. Бул жерде сизге "кечирим сура, сен күнөөлүүсүң" же "сурабай эле кой, бардыгы ошол бойдон кала берсин" деп эч ким, эч качан айтпашы керек. Мындай маселелерде адам өзүнүн жан дүйнөсүн, сезимдерин укканы жакшы. Дүйнөдөгү эң жакын адамдын алдында өзүн күнөөлүү сезип, бушайман болуп жашоо абдан татаал. Андыктан сиз психологиялык терапиядан өтүп койгонуңуз туура болот.
Камыр жайып жаткан келин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты
Жакындардын жеке турмушуна аралашуу боюнча жалпысынан айта кетсем, ата-эне балдардын, балдар ата-эненин, бир туугандар бири-биринин жеке жашоосуна анчалык аралашпай эле койгону туура. Ошондой эле бирөөнүн тагдырын чечүү вазийпасын өз мойнуна жүктөп алгандарга айтарым, жакындарыбыздын тагдырын талкалап алып, убалына калуудан алыс бололу.
Эгер эки чоң киши бири-бирине тартылып, бирге болууну чечсе, демек, ортодо сүйүү, түшүнүү, жылуулук бар. Бул сезимдер жок болсо, алар эч кимдин жардамы жок эле эки башка жолго түшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0