Быйыл электр энергиянын тарифи көтөрүлбөйт

© AFP / CHRIS DELMASЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулай турганы айтылды.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Азиз Аалиев билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 30-сентябрда, министрлер кабинети тарифтик саясаттын планын бекитти. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынганын белгиледи. Эми 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат.
Бирок 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулаарын кошумчалады.
"Энергетика тармагынын жалпы карызы 129 миллиард сомдон ашат. Мындай жол менен кете берсек, энергетикалык секторду талкалап алабыз. Андыктан өзүн-өзү актай турган тарифти киргизүү каралды", — деди Аалиев.
Энергетика жана өнөр жай министри калк үчүн коюлган чектөө 700 киловатт бойдон калганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0