Дарыгер уйку безин өлтүрө турчу адаттарды атады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСпирт ичимдигин куюп жаткан адам. Архив
Спирт ичимдигин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Медик жумасына беш жолу 200 граммдан ичимдик ичкен адамда өнөкөт панкреатит оорусу пайда болушу ыктымал экенин белгилеген.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринен уйку без эмнеден улам сезгенерин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, курч мүнөздөгү панкреатитке биринчи кезекте ичимдикти көп ичүү себеп болот.
"Уйку без жайгашкан бөлүк өлгөндө бардык органдардын иши токтойт. Бөйрөк, өпкө өз функцияларын аткарбай, жүрөк сокпой калганда бейтап да каза болот. Бул эң коркунучтуу", — деген Мясников
Куурулган тамак. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Өмүрдү кыскарта турчу азыктар аталды
Дарыгер жумасына беш жолу 200 граммдан спирт ичимдигин ичкен адамда өнөкөт панкреатит оорусу пайда болорун белгилеген.
"Дагы бир себеп — чылым чегүү. Кимде-ким ичимдикти көп ууртап-татып, чылым да чексе, аларда панкреатит оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги өтө жогору болот", — деди Мясников.
Медик өттөгү таш, вирустук инфекция жана айрым дарыларды колдонуу да уйку безине абдан зыян экенин кошумчалаган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0