14:14 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус (183)
73 0 0

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 436 жана үй шартында 779 бейтап дарыланып жатат. Кечээтен бери көз жумгандар катталган жок.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Республикалык штаб соңку бир күндүн аралыгында Кыргызстанда 76 адамдын COVID-19 жуктурганы аныкталганын билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек - 42;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Талас облусу - 2;
  • Ош шаары - 1.

Ушуну менен ооруга чалдыккандардын жалпы саны 178 608 адамга жетти. Анын ичинен 173 305 киши айыгып чыкты. Акыркы суткада 99 бейтаптын коронавирусту жеңгени белгилүү болду.

Ал эми илдеттен ажал тапкандардын саны 2 607ни түзөт. Соңку суткада көз жумгандар катталган жок.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 436 жана үй шартында 779 бейтап дарыланып жатат.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (183)

Тема боюнча

Министр Бейшеналиев COVID-19дун төртүнчү толкуну качан болорун айтты
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, жуктуруу, айыгуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ