Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган. Саматбек Ибраев тууралуу 7 факт

© Фото / пресс-служба ЦИК КРПарламент депутаты Самат Ибраев. Архив
Парламент депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Парламент депутаты Самат Ибраев демилгелеген финансылык технология боюнча мыйзам долбоору коомдо бир топ талкуу жаратты.

Депутат Ибраев сунуштаган мыйзам долбоору көбүнесе Улуттук банкка тиешелүү болгондуктан мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов документтин кабыл алынышына каршы чыккан. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору кабыл алынса Улуттук банктын ишине доо кетип, өлкөнүн негизги банкын башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдар кара тизмеге киргизип коюшу мүмкүн. Эмне себептен экенин Sputnik буга чейин даярдаган видеоматериалдан көрсөңүз болот.

Эгерде Улуттук банк өнөктөштөрдүн кара тизмесине кирсе, Кыргызстан мамлекет катары эл аралык финансылык операцияларды аткара албай калат.

Төмөндө мынчалык чуу жараткан мыйзам долбоорун демилгелеген Самат Ибраев тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Кичи мекени Ысык-Көл

Кичи мекени Ысык-Көл. Бирок атасынын ишине байланыштуу Ош облусунун Араван районунда туулган. 1965-жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген.

Билими

1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун (Исхак Раззаков атындагы КМТУ) инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен юридикалык билим алган.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаматбек Ибраев Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болду. Бирок экөөндө тең башынан эмес, кийин башка депутаттардын ордуна келген.
Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган. Саматбек Ибраев тууралуу 7 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Саматбек Ибраев Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болду. Бирок экөөндө тең башынан эмес, кийин башка депутаттардын ордуна келген.

Үй-бүлөсү жана издөөдө жүргөн уулу

Ибраев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Анын 29 жаштагы уулу Данияр мамлекет аралык издөөдө. 2020-жылдын сентябрынын башында Бишкек милициясына курулуш фирмалары кайрылып, Данияр Ибраев ири суммадагы акча алгандыгын айтышкан. Милициянын версиясында "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору Данияр Ибраев 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып, жети жабырлануучудан акча алган. Жалпы чыгымдын суммасы 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн. Бардык эпизоддор боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Алдамчылык. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар") сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 2019-жылдын 24-декабрында Ибраевге алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип жатканы боюнча сыртынан кабарланган. 26-декабрда Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Ибраевди Болгариянын бийлиги София шаарында кармаганы кабарланган.

Жубайы Улуттук китепкананын директору 

Депутаттын жубайы Нуржан Иманкулова 2021-жылдын 11-майында Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп дайындалган.  Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кеткен Жылдыз Бакашованын ордун ээлеп калган. Улуттук китепкананын сайтындагы маалыматка караганда, 2017-2021-жылдар аралыгында КР президентинин алдындагы башкаруу академиясында мугалим болуп иштеген. 2015-2020-жылдары жолдошу жетектеген "Саякбай манасчы" фондунун китепканасынын директору болгон. 

Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган

Депутат Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Абдыгуловдун кетишин шоуга айланттык. Ибраев депутаттарга нааразы болду
Толкунбек Абдыгулов ушул жылдын июнь айында Жогорку Кеңеште Улуттук банктын 2020-жылдагы отчетун берип жатканда эле Ибраев нааразычылыгын билдирген. Ал кезекке жазылбай туруп Абдыгуловго суроо бермекчи болгондо башка депутаттар макул болбой койгонун жерликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. Ошондо эл өкүлү өзүн президент Садыр Жапаровго салыштырып, "Убагында Садыр Нургожоевичке дагы сөз беришкен эмес. Биз өз кызыкчылыгыбыз үчүн сүйлөбөйбүз да", — деген ал. Ошол эле жыйында депутат айрым парламентарийлер Абдыгуловдун кызыкчылыгын коргоп жатканын айтып, анын отчетун өткөрбөй коюуну сунуштаган.

ЖКга эки ирет башка депутаттардын ордуна келген

Саматбек Ибраев Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болду. Бирок экөөндө тең башынан эмес, кийин башка депутаттардын ордуна келген. Алгач 2015-жылы акыйкатчынын орун басары кызматына кеткен Гүлнара Жамгырчиеванын мандатын алган. Ал эми экинчи ирет 2020-жылдын апрель айында ТЭЦ модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылган Осмонбек Артыкбаевдин ордун ээлеп калган.

© Фото / пресс-служба ЖКМындан эки жыл мурда 24.kg агенттиги Кыргызстандагы эң жогорку кызматтардагы аткаминерлердин 2018-жылкы декларациясына көз чаптырып, арасынан баарынан көп киреше көргөн деп дал ушул Саматбек Ибраевди атаган.
Өзүн Садыр Жапаровго салыштырган. Саматбек Ибраев тууралуу 7 факт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Мындан эки жыл мурда 24.kg агенттиги Кыргызстандагы эң жогорку кызматтардагы аткаминерлердин 2018-жылкы декларациясына көз чаптырып, арасынан баарынан көп киреше көргөн деп дал ушул Саматбек Ибраевди атаган.

Эң бай аткаминер

Мындан эки жыл мурда 24.kg агенттиги Кыргызстандагы эң жогорку кызматтардагы аткаминерлердин 2018-жылкы декларациясына көз чаптырып, арасынан баарынан көп киреше көргөн деп дал ушул Саматбек Ибраевди атаган. Ал кезде Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болчу. Анын негизги ишмердүүлүгүнөн тапкан кирешеси 3 миллион 792,5 миң сом болгон. Ошондой эле менчигинде үч, 1,05 жана 5,47 гектар жер тилкелери болгон.

Мындан тышкары, 15 миллион сомдук баалуу кагаздары, Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаасы жана "Азат Нур Пэри" ЖЧКсында акциялары бар экени айтылган. Ал жылы киреше жагынан президенттен, өкмөт башчыдан, бир нече аткаминерден ашкан.

"Саякбай манасчы" фильмин жаратууга катышкан

Ибраев "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондунун президенти катары "Манас" эпосун жайылтуу иштери менен алектенет. Мунун алкагында кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай манасчы" аттуу фильмине продюсер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0