Тез татымда иштеп, электрикке жардамчы болгон. Абдыгулов тууралуу 7 факт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Өлкөдө валюта боюнча кандай кырдаал жаралбасын, Улуттук банк сомдун курсун түшүрбөй бир калыпта кармап калууга аракет жасап келет. Коомчулук буга Толкунбек Абдыгуловдун опол тоодой эмгеги бар экенин айтып, анын мыкты финансист экенин белгилешет.

Анткен менен Толкунбек Абдыгулов 29-сентябрь күнү Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетти. Ал парламенттин жыйынына келип депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берген. Көпчүлүк эл өкүлдөрү анын мыкты адис экенин айтып, кызматын тапшырбоого үндөштү. Кээ бирлери "Абдыгулов кеткенден кийин сомдун куну түшүп, балээ баспаса болду" деген кооптонууларын дагы айтышты. Жыйындын соңунда депутаттар экс-төраганы шатырата кол чаап узатышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Толкунбек Абдыгулов тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Тоңдо төрөлүп, Кара-Балтада өскөн. Толкунбек Абдыгулов 1976-жылы 7-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Анын үй-бүлөсү Кара-Балтада жашап калганын Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков айтып, ата-энеси тууралуу кыскача маалымат берди.

"Толкунбек Абдыгуловдун ата-энеси Кара-Балтанын Моңолдор деген айылында турчу. Үлгүлүү үй-бүлө эле. Атасы Сагынбек Абдыгулов Советтер Союзу учурунда кызматкер болуп иштеп, кийинчерээк Кара-Балтадагы заводдо башкы инженер болуп көп жыл эмгектенди. Өзү абдан маданияттуу адам эле. Ал киши "өзүм ачка отурсам мейли, башкысы, балам окусун, баарын баламдын билимине жумшайм" деп калчу. Бирок өмүрү кыска болду", — деди Субанбеков.

Япония, Америкада окуган. Абдыгулов Кыргызстан эл аралык университетинин "экономика боюнча эл аралык мамилелер" адистигинде жана 1999-жылы "банк иштери" адистиги боюнча магистратурада окуган. 2005-жылы ал Японияга барып Нагойи (Япония) университетинде "экономикалык өнүгүү" боюнча билимин тереңдеткен. Эки жылдан кийин Түндүк Техас (АКШ) университетинде "мамлекеттик башкаруу" адистигин (магистрлик даража) аяктаган.

Тез татымда иштеп, электрикке жардамчы болгон

Абдыгулов чет мамлекеттерде окуп жүргөн кезинде кара жумуштарда иштегенин айтканы бар.

"Окуудан тышкары McDonald's жайларынын биринде иштедим. Эт кууруп, фри бышыргычты тазалап, залды жыйначумун. Саатына 7 доллардын тегерегинде төлөшчү. Японияга үй-бүлөмдү алып барганда электрикке жардамчы болуп орноштум. Милдетим мастерге аспаптарды гана берип туруу болсо деле McDonald's жайына караганда көбүрөөк төлөшчү, андан жогорусуна менин билимим туура келчү эмес", — деген ал.

Эмгек жолу Улуттук банкта башталган

Өз кесиби боюнча Толкунбек Абдыгулов 1997-жылы Улуттук банкта иштеп баштаган. Алгач ал Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти болуп, кийин кызматынан жогорулаган. Ортодон экономист чет мамлекетке окууга кетип, келгенде Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы департаментинде консультант болуп иштеген. 2008-жылы кайрадан мамлекеттик кызматка келип, президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнө эксперт болгон.

Абдыгулов беш миң долларлык айлыгынан баш тартып, мамлекеттик кызматка атасынын кеңеши менен келгенин айтканы бар.

"Дос балам президенттик администрациянын социалдык жана экономикалык саясат бөлүмүнө ишке чакырганда этибарга деле алган эмесмин. Аз айлык баш тартууга негизги себеп болгон. Бир ай өткөндөн кийин кайра жолугуп, сүйлөшүүгө чакырды. Ак үйгө келдим, мени президенттик администрациянын ошол кездеги жетекчиси Медет Садыркулов күтүп жатыптыр. Ал мага баягы сунушту кайталады, так жооп берген жокмун, андай маянага үй-бүлөнү багыш кыйын экендигин гана айттым. Атам менен кеңешүүнү эп көрүп, баш тарткым келгенин андан жашырбадым. Соңунда анын кеп-кеңеши менен иш ордумду алмаштыргам", — деген Абдыгулов.

Улуттук банкты үч президенттин убагында башкарган төрага

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка төрага болуп 2014-жылы, өлкөнү Алмазбек Атамбаев башкарып турган убакта, келген.

Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетер алдында айткан сөзү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетер алдында айткан сөзү. Видео
"Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө чакырып, Улуттук банктын башчылык кызматын аркалоо колумдан келер-келбесин сурады. Эгерде андай ишеним көрсөтүлсө, жоопкерчиликти алып иштөөгө даяр экендигимди айттым. Кызыгы, улуттук валютанын күнүндө мен банктын жамаатына башкаруу тобунун төрагасынын милдетин аткаруучу катары тааныштырылдым", — деген ал.

Ошентип, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Абдыгулов Улуттук банкты башкарып, андан соң 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер болгон. Кийин ал кызматынан төмөндөп вице-премьер кызматын аркалаган.

Жээнбеков мамлекет башчы болгондон кийин, 2017-жылдын декабрь айында, Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банкка келип, ошондон ушул убакытка чейин аталган мекемени жетектеген. Эми ал Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи боло турганын айтты.

Батирге бөлүнгөн ссуда чыры

2018-жылы Улуттук банк Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын (5,5 миллион сом) калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечкенин билдирген. Бул коомчулукта түрдүү пикир жараткандыктан кийин Абдыгулов банк кечип койгон ссуданын калганын өзү төлөй турганын айткан. Айрым эл өкүлдөрү анын бир нече үйү бар экенин айтып чыгышкан. Бирок мындай маалыматты Абдыгулов четке кагып, чакан батири менен автоунаасы гана бар экенин белгилеген.

Төрт баланын атасы

Толкунбек Абдыгулов менен келинчегинин ата-энелери дос болгон. Алар бала кезден эле тааныш болуп жүрүп, кийин бой жеткенде кыз-жигит болуп, андан соң баш кошушкан. Жубайлардын төрт баласы бар, улуусу Тимур Абдыгулов 22 жашта. ЖМКларда жазылгандай, Тимур Абдыгулов Висконсин штатындагы мектепте окуп, кийин Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0