Окумуштуулар чылым чегүүнү таштагандар эмнеге семирип кетерин түшүндүрдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКиши чылым чегүү учурунда. Архив
Киши чылым чегүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Адистер тамекини таштаган адамдардын тамакка болгон табити кандай өзгөрөрүн билүү үчүн эксперимент өткөрүштү.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Илимпоздор жаман адаттарын таштаган чылым чеккендер никотинге болгон кумардын ордун калориялуу тамактар менен толтурууга аракет кылып жатканын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" маалымат булагы жазып чыкты.

Изилдөөгө 18 жаштан 75 жашка чейинки ыктыярчылар тартылган. Айрымдарын никотинден баш тартуусун өтүнүшкөн, башкалары дагы деле чылым чегишкен, ал эми үчүнчү топтогулар чекпей тургандар болгон. Адистер алардын тамактануу адаттары кандай өзгөрүп жатканына байкоо салышкан.

"Жүргүзүлгөн тажрыйба тамекини таштагандар көбүнесе майлуу жана тузу көбүрөөк тамакты, ошондой эле майлуу эмес таттуу азыктарды жегиси келгендигин аныктаган. Ошентип, жалпысынан алар тамекини такыр эле тартпагандарга жана чеккендерге караганда 30 пайызга көп калория жешкен", — деп айтылат маалыматта.

Кафеде аял тамеки чегип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Орточо алганда, тамеки таштагандар лабораторияда жүргөндө 457,6 калория керектешкен. Тамеки чеккендер 385,2 жана чылым тартпагандар 351,5 калория өлчөмүндө жешкен.

Окумуштуулардын айтымында, тамекини таштаган адамдар стрессти жеңүү үчүн никотинди кетирүү симптомдорун толтурууда калориялуу тамак-ашка өтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0