Самат Ибраевдин уулу 507 млн. сомдук алдамчылык боюнча дагы деле издөөдө

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Парламентарийдин баласы алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип келет. 2020-жылдын башында Болгарияда кармалып, бирок экстрадиция болгон эмес.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин 29 жаштагы уулу Данияр Ибраев дагы деле мамлекет аралык издөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.

Экстрадиция боюнча маселени чечүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага берилген.

2020-жылдын сентябрынын башында шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш фирмалар кайрылып, Данияр Ибраев ири суммадагы акча алгандыгын айтышкан. Милициянын маалыматына караганда, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып, жети жабырлануучудан алдап акча алган. Жалпы чыгымдын суммасы 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн.

Бардык эпизоддор боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Алдамчылык. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар") сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары
2019-жылдын 24-декабрында Ибраевге алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип жатканы сыртынан кабарланган. Сот аны камоо боюнча чечимди да сыртынан кабыл алган.

26-декабрда ошол эле шектүү мамлекет, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Ибраевди Болгариянын бийлиги София шаарында кармаганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0