Депутат: Эрдоган капсула салып кеткен медфакультет 3 жылдан бери курулбай турат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эмил Токтошев. Архив
Депутат Эмил Токтошев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Түркия келечектеги медиктерди жаңы технология менен окутууну, жылына 50 студентти бекер кабыл алууну убадалаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде ачыла турган Медицина факультетинин имаратынын курулушу үч жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу ЖК депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, Билим берүү, Саламаттык сактоо министрликтерине тапшырма берип, бул маселени тактап беришин өтүндү.

"2018-жылы Түркиянын президенти келип Медицина факультетинин имаратына капсула салып кеткен. Андан бери үч жыл өттү, эмдигиче салына элек. Бул эмне деген мамиле, саботажбы, интригабы же бирөө бут тосуп жатабы? Башка мамлекет бекер салып берели деген долбоорду кармап жатабыз. Алар "жаңы технология, стандарт менен окутабыз, жылына 50 студентти бекер кабыл алабыз" десе да ишке ашыра албай отурабыз", — деди Токтошев.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2018-жылдын 2-сентябрында КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин медицина факультетинин имаратынын курулушуна капсула салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0