88 адамдан COVID табылып, 2 киши каза тапты. Соңку статистика

© REUTERS / MOSCOW NEWS AGENCYОоруканада бейтапка кам көргөн медициналык кызматкер. Архив
Ооруканада бейтапка кам көргөн медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Азыркы тапта өлкөнүн ооруканаларында 430 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Акыркы суткада Баткенде оору жуктурган учур катталган эмес.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 88 кишиден коронавирус табылып, 104 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 54;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 3.

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 178 532ге жетти. Анын ичинен 173 206 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Өткөн суткада оору эки адамдын өмүрүн алган. Муну менен жалпысынан 2 607 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы учурда стационарда 430, ал эми амбулатордук шартта 808 адам дарыланып жатканы айтылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0