25 жашында вице-президент болгон Айваз: үйлөнгөнгө чейин ийгиликке жетиш керек

© Sputnik / Бегайым КасымбековаХоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов
Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын тарыхындагы эң жаш мүчө болуп шайланган Айваз Оморканов Бишкекте туулуп-өскөн.

25-сентябрь күнү ал федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп дайындалды. Бул окуядан кийин ал эң биринчи маегин Sputnik агенттигинин кабарчысына берди.

Айваз жаштар үлгү ала турган жигиттердин бири. Төрт жыл бою Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасында ойноп, кийин триатлон менен алектенип, Ironman 70.3 дүйнөлүк чемпионатына катышуу үчүн квалификациядан өткөн.

Экономикалык, юридикалык билими бар. Алардын бирин Эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде алган. Учурда КР ТИМинин Дипломатиялык академиясында магистратурада окуп жатат.

Баса, ал Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморкановдун уулу.

— Айваз, эл аралык кадыр-барктуу федерациянын вице-президенти болуп кандайча дайындалып калдыңыз? Бизге ушул кызык болуп турат.

— Эки жыл мурда өзүбүздүн регион боюнча вице-президенттикке талапкерлигимди койсом деген идея келген. Ошондон бери маалымат чогултуп, башка талапкерлердин программаларын анализдеп даярданып жүрдүм. Аны менен катар өз программамды бышырдым.

© Фото / предоставлено Айвазом ОморкановымАйваз Оморканов Хоккей боюнча эл аралык федерациясына мүчө болуу үчүн эки жыл даярданган
25 жашында вице-президент болгон Айваз: үйлөнгөнгө чейин ийгиликке жетиш керек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Айваз Оморканов Хоккей боюнча эл аралык федерациясына мүчө болуу үчүн эки жыл даярданган

Ал эми эки ай мурда эл аралык федерация жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлерди издеп жатканын жарыялап, Кыргызстандын Хоккей федерациясы менин талапкерлигимди көрсөттү. Ошондон тарта мен программамды аягына чыгарып, презентация, сүйлөчү сөзүмдү даярдай баштадым. Башка өлкөлөрдүн хоккей федерациялары менен байланышып, өз программамды кантип ишке ашырарымды түшүндүрдүм.

Негизи өзүм Кыргызстандын Хоккей федерациясына 2015-жылдан бери аралашып, ар кайсы кызматтарды аркаладым. Төрт жыл бою улуттук курама командада ойногом.

© Фото / предоставлено Айвазом ОморкановымАйваз Оморканов кыргыз тилинен тышкары орус, англис жана кытай тилинде сүйлөйт
25 жашында вице-президент болгон Айваз: үйлөнгөнгө чейин ийгиликке жетиш керек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Айваз Оморканов кыргыз тилинен тышкары орус, англис жана кытай тилинде сүйлөйт

— Интернетке Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан добуш берүү аземинде жеңишке жеткен соң сиз кубанып кыйкырып жиберген видео тарады.

— Кыргызстан эл аралык аренада, спорт дүйнөсүндө ушунчалык жогорку даражада алгачкы жолу көрсөтүлдү, мен үчүн бул чоң сыймык. Өлкө үчүн дагы ири жетишкендик деп ойлойм. Жеңишке жетүүгө абдан чоң эмгек жумшадык. Анын үстүнө дал биздин регионго вице-президент шайлоо боюнча добуш берүүгө жарым сааттай убакыт кетти. Ал аралык мен үчүн кылымга тете болуп, аябай толкундандым. Ал эми кыйкырык тууралуу айтсам, ал жерде мен эмес атам, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыйкырды. Бул кубанычтын кыйкырыгы болду. Андагы атмосфераны сөз менен айтып бере албайм. Атаандашым фаворит эле, мурда эки ирет вице-президент болгон.

— Коронавирус пандемиясы башталып, карантин жарыяланган учурда кайрымдуулук акциясын өткөрүп, 5 саатка чукул убакыт үйдүн ичинде чуркаганыңыз эсибизде. Бул идея кайдан келип чыкты эле? Сиз чогулткан жарым миллион сом дарегине жеттиби?

— Андан мурдараак канткенде спортту үгүттөө менен коомго пайдалуу бир нерсени айкалыштырсам деп ойлонуп жүргөм. Дал ошол учурда пандемия башталып калды. Ооба, чогулган акчанын бардыгына Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына коргонуучу каражаттарды алып бергенбиз.

— Жаздагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан экенсиз. Болгондо дагы партия тизмесинде сегизинчи болуп жүргөнсүз. Депутат болуу тилегиңиз күч беле же кимдир бирөөнүн сунушу менен бардыңыз беле?

— Депутаттыкка талапкерлигимди коём деп өзүм чечкем. Шаарды өнүктүрүүгө жардам берип, шаардыктар арасында спортту депутат катары пропагандалайын дегем. Кийин ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, кайрадан добуш берүү белгиленди. Мен дүйнөлүк федерацияга мүчө болууга даярданып жатканыма байланыштуу партия мүчөлүгүнөн чыгып кеттим.

— Спорт демекчи, хоккейди канчалык үгүттөөгө аракет кылсак дагы ага керектүү жабдуулардын баасы өтө кымбат. Карапайым эл балдарын хоккейге бергиси келген күндө дагы колу жетпейт...

— Биздин федерация бул планда аябагандай чоң иштерди жасады. Эл аралык хоккей федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып, экипировкаларды гуманитардык жардам катары алдык. Каалоочулар балдарын алып келип, ошол формаларды кийип ойноп турса болот. Кийин өздөрүнө сатып алышат. Себеби ата-энеси алып келген балдардын баары эле хоккей ойноп кетет деген кепилдик жок. Айрымдардын шыгы же каалоосу болбойт. Бирок ошону аныктаганга чейин биздин формаларды кийип турушат.

— Баса, сиздикиндей атты алгачкы жолу угуп жатам. Мааниси кандай?

— Араб тилинен которгондо, жаңылбасам, "чыгып келе жаткан ай" дегенди түшүндүрөт.

— Түшүнүктүү. Канча тилде эркин сүйлөйсүз?

— Эне тилимден тышкары үч тилде: орусча, англисче жана кытайча.

© Sputnik / Бегайым КасымбековаХоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов Кытайда орто мектепти аяктап, кийин Пекин университетинде билим алган
25 жашында вице-президент болгон Айваз: үйлөнгөнгө чейин ийгиликке жетиш керек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов Кытайда орто мектепти аяктап, кийин Пекин университетинде билим алган

— Кытайда окуган экенсиз. Кытай тилин ошол жактан үйрөндүңүзбү же бул жактан билип бардыңыз беле?

— Кытайда жүрүп үйрөндүм. Ал жакка англис тилине ишенип эле кеткем. Анткени Кытайга кетип жатканда 14-15 жашта болчумун.

— Бул куракта чет өлкөгө кетип калууга эмне себеп болду? Адатта мектепти аяктаган соң барышат эмеспи?

— Билим алуу үчүн кеттим, орто мектепти ошол жактан аяктап, андан соң университетке тапшырдым.

Ишкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер Чыңгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
80деги атам колумду сындырганда эсиме келгем. Ишкер Чыңгыз Алканов менен маек
— 25 жашында бир топ ийгиликтерди багындырган адам катары жаштарга кандай кеңеш бересиз? Билим алуу, кесип тандоодо эмнеге басым жасоо керек?

— Эң биринчиден, болушунча көбүрөөк нерсени кыялданыш керек деп ойлойм. Кыялдар канча көп болсо, аракет дагы ошончо болот. Андан соң жаштарга убакыт барда көбүрөөк окуп, тил үйрөнүп алгыла дээр элем. Азыр англис тилинен тышкары кытай тили актуалдуу болуп бара жатат. Тил билсең, чет өлкөгө чыгуу, эл аралык уюмдарда иштөө жеңилирээк. Көптөгөн эшиктер ачылат.

Жеке мен үчүн резюмемде бир нече билимим бар экени маанилүү. Юридикалык, экономикалык билимимден тышкары жакында эл аралык мамилелер боюнча адис болом. ТИМдин Дипломатиялык академиясын эмдиги жылы аяктайм.

— Билим, карьера демекчи, азыр көпчүлүк жаштар үй-бүлө, жеке жашоодон мурда ишин бир нукка салып алууну каалашат. Сиз да ушул эрежени карманасызбы?

— Ооба, негизи жигит үй-бүлө курганга чейин бир нерсеге колу жетип, кичинекей болсо дагы ийгилик жаратышы керек деп ойлойм. Анткени үйдө эркек киши негизги багуучу да.

Жаңылыктар түрмөгү
0