ЖКга шайлоо: Венгрияда алгачкы жолу шайлоо тилкеси ачылат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан кыз. Архив
Добуш берип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринин жалпы саны 58ге жетти.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алгачкы жолу Будапешт шаарында шайлоо участкасын ачат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Тышкы иштер министрлигинин Венгрияда Кыргызстандын элчилигин ачууга байланышкан сунушунун негизинде кабыл алынган.

Шайлоо тилкеси кыргызстандыктардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүсү үчүн ачылган. Мындан улам 29 өлкөдө ачылган шайлоо тилкелеринин жалпы саны 58ге жетти.

БШК быйыл төмөнкү шаарларда да биринчи ирет шайлоо участкасы ачыларын эскертти:

  • Россия — Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск;
  • АКШ — Нью-Йорк, Чикаго;
  • Түркия — Анталья;
  • Италия — Кальяри.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0