Өткөн суткада 69 кишиден коронавирус табылып, бир бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Нарын, Жалал-Абад облустарында коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Азыркы тапта 454 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 69 кишиден коронавирус аныкталып, 97 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 38;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 444кө жетти. Анын ичинен 173 102 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, кечээтен бери бир бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Бул учур COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында катталган. Азыркы тапта стационарда 454, ал эми амбулатордук шартта 803 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0