Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспорттогу жол киренин баасын көтөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги маршрутка. Архив
Бишкектеги маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Шаардык муниципалитет буга чейин жол кире акысынын үч вариантын сунуштаган. Бирок аны жогорулатууга каршы чыккандар да болду.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан көтөрүүгө макулдук берди. Тиешелүү токтомду депутаттар бүгүнкү сессияда кабыл алды.

Ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулайт.

Мэрия шаардык кеңешке үч вариант сунуштаган. Алар:

  • Бааны кандай болсо, ошондой калтыруу;
  • Муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго, калган жеке менчик фирмалардын кичи автобустарындагы бааны 15 сомго жогорулатуу;
  • Автобустун жол киресин 15 сомго, троллейбустукун 11 сомго, ал эми маршрутка акысын 19 сомго көбөйтүү.

Натыйжада экинчи вариант жактырылды.

Вице-мэр Таалайбек Орозов токтом долбоорунда экспресс маршруткаларга өзүнчө тариф коюлбаганын кошумчалады.

"Бул маршрут жакшы ой менен ишке киргизилген. Мисалы, 12-кичи райондон чыккан экспресс маршрутка "Дордой" базарына чейин төрт эле аялдамадан токтошу керек. Ошол үчүн ага жогорку тариф коюлган. Бирок алар артыкчылыктарын колдонуп, ар бир көчөнүн кесилишине да токтоп жатат. Эми андай артыкчылык берилбейт", — деди Орозов.

Экпресс маршруттардын жол киреси 17 сом болчу.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Кадыр Атамбаев Бишкекте жол кире кымбаттаса сотко кайрыларын айтты
Депутат Манас Абдыллабек уулу тарифти быйыл 13 жана 11 сомдон баштап, андан соң жыл сайын этап-этабы менен жогорулатууну сунуштады.

Ал эми Кадыр Атамбаев жол кирени көтөрүүгө каршы чыгып, андан көрө фирмалардын ишин жөнгө салуу керектигин айтты.

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Ушундай эле көрүнүш январь айында дагы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0