Өзбекстандан 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүБуудай каптары. Архив
Буудай каптары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Министрликтен билдиришкендей, "аср" жана "давр" сорттору дыйкандарга, фермерлерге жакшы белгилүү, сыноодон өткөн.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанга Өзбекстандан миң тонна күздүк буудайдын үрөнү алып келинди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

© Фото / пресс служба МСЛиВХ КРКыргызстанга Өзбекстандан миң тонна күздүк буудайдын үрөнү алып келинди
Өзбекстандан 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Кыргызстанга Өзбекстандан миң тонна күздүк буудайдын үрөнү алып келинди

Буга 2021-жылдын 26-мартында Ташкентте кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын протоколу мүмүкүнчүлүк түздү.

"Күздүк буудайдын "аср" жана "давр" сортторунун үрөнү келди. Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, сыноодон өткөн. Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген. Ошондой эле өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Үрөн республиканын региондоруна таркатылып, 2022-жылы түшүм себүү үчүн колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0