Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды. Соңку статистика

© AFP / STRМедициналык кызматкер COVID-19га тестирлөө үчүн үлгү менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га тестирлөө үчүн үлгү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуктурган учур катталган эмес.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 58 адамдан коронавирус аныкталып, 93 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 30;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 14;
  • Ош облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 178 375ке жетти. Анын ичинен 173 005и дартты жеңген.

Бир сутка ичинде коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Штабдын маалыматы боюнча, көз жумган эки бейтап коронавируска каршы вакцина алган эмес. Жалпысынан 2 604 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 476, ал эми амбулатордук шартта 811 адамдын дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0