Өмүрдү кыскарта турчу азыктар аталды

© Фото / Pexels / Alena ShekhovtcovaКуурулган тамак. Иллюстративдик сүрөт
Куурулган тамак. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Ден соолукка бычак деген азыктардын арасында куурулган тамак, ичимдик, кызыл эт бар. Булар кайсы ооруну чакырары да айтылган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Майо клиникасынын адистери өмүрдү кыскарта турган беш азыкты атады. Алардын тизмеси РИА Новостиге жарыяланды.

Диетолог Кэтрин Зератскинин айтымында, биринчи кезекте кайра иштетилген тамактардан баш тартуу керек. Ушул эле борбордун адиси Лиза Торборг күнүмдүк рациондон кызыл этти кыскартуу зарылдыгына токтолгон.

"Изилдөөлөрдүн биринде кызыл этти тынбай колдонуу жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология, анын ичинде жоон ичеги рагына алып келиши мүмкүн экени аныкталган. Сосиска, хотдог, ветчинада туз менен май көп", — деген Торборг.

Майо клиникасынын кардиологу Стефен Копецки куурулган тамак диабеттин экинчи түрү менен жүрөк оорусун чакырарын эскерткен. Ошондой эле курамында кумшекери көп азыкты да азыраак колдонуу сунушталган.

Соңунда дарыгерлер ичимдиктен таптакыр эле баш тартууга чакырышкан. Алардын айтымында, бир эле бокал ичимдик онкология, маселен, ашказан рагына алып келиши ыктымал. Мындан сырткары, ичимдик панкреатит оорусун да пайда кылышы толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0