Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы унаалар
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
28-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Шейшембиде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабайт. Күндүн табы борбордо +26…+28, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0