Өткөн суткада 59 адамдан COVID табылып, 2 бейтап көз жумду

© Sputnik / Константин Морозов / Медиабанкка өтүүБейтапты ооруканага алып бараткан дарыгерлер. Архив
Бейтапты ооруканага алып бараткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандын ооруканаларында 491 киши коронавирустан дарыланып жатат. Андан сырткары, 800дөн ашык бейтап медициналык жардамды үйдөн алууда.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бир сутка ичинде 59 кишиден коронавирус аныкталып, 64 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 33;
  • Чүй облусу – 9;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 4.

Ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 178 317ге жетип, анын ичинен 172 912 бейтап айыкты.

Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары токтой элек. Өткөн суткада эки бейтап каза таап, жалпысынан 2 602 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 491, ал эми амбулатордук шартта 834 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0